Британиялык студент өлтүрүлгөн майда жандыктардан кеңсе буюмдарын жасап сатууда

© flickr.com / Mark FowlerЧычкан. Архив
Чычкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жасаган эмгектеринин бирин интернетке жайгаштыргандан кийин буйуртма бергендер четинен чыга баштаган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Британиялык студент өлтүрүлгөн майда жандыктардан кеңсе буюмдарын жасап сатып, аны интернет аркылуу сатып, киреше табууда. Бул туурасында РИА Новости Plymouth Herald гезитине шилтеме кылып кабарлады. 

22 жаштагы Жек Дивейни аттуу студенттин айтымында, ал аталган өлкөдөгү Плимут университетинде 3D-дизайны боюнча адистикте окуп жатат. Ал касапканада иштеген тогуз жылда жаныбарлардын терисин сыйырганды үйрөнүп, кайсыл сөөк кайсыл жерде жайгашканын айырмалап калган.

Анын бул идеясы интернеттен айбандын сапатсыз жасалган кебин көргөндөн кийин башталган. Алгач Дивейни тоңдурулган чычкан менен келемиштердин кебин жасап иштеген. Андан кийин андан чоңураактарына — тыйын чычкандарга, коёндорго, момолой чычкандарга өткөн.

Студент берген маегинин биринде бул жаныбарларды чычкан, келемиштерди жок кылган кызматтардан, үйлөрдү саткан менеджерлерден аларын айтып берген.

Сытые и довольные: располневшие тигры гуляют по парку в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын зоопаркындагы чаначтай семиз жолборстордун видеосу
Ал жасаган эмгектеринин бирин интернетке жайгаштыргандан кийин буйуртма бергендер четинен чыга баштаган. Эми ал жасаган иштерин АКШдан тарта Норвегияга чейин сата баштаганы белгилүү болду.

Анткен менен бул баланын жасаган иштерине ар ким ар кандай мамиле жасады.

Жек Дивейни "бул баланын дени-карды сообу, өзү" дегенден тарта "жасаган иштериңди кайдан алсак болот" дегенге чейинки пикирлерди кезиктирүүгө болорун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0