Туулган күнүндө бийлеген 100 жаштагы кемпир интернет жылдызына айланды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети instagram пользователя treasure_marnae. Исполняющая зажигательный танец на свой сотый день рождения бабушка
Снимок с социальной сети instagram пользователя treasure_marnae. Исполняющая зажигательный танец на свой сотый день рождения бабушка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары кемпирди мактап, ага узак өмүр каалашкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 100гө чыккан кемпир өзүнүн туулган күнүндө шаңдуу музыкага бийлеп интернет жылдызына айланганын Mashable порталы жазып чыкты. 

Her 100th birthday I love my great grandma she's a real one..!! I know where I get my attitude and my drinking from..

Публикация от SYnCer3 (@treasure_marnae) Фев 25 2017 в 7:11 PST

Бир кылым өмүр сүргөн эне Bruno Mars аттуу аткаруучунун шаңдуу ырына бийлеп, элдин оозун ачырган. Ал видеону Instagram тармагынын Treasure _ marnae аттуу колдонуучусу бөлүшүп, аз күн ичинде 25 миңден ашык адам көргөн. 

"Бул анын 100-туулган күнү. Мен өзүмдүн чоң апамды абдан жакшы көрөм, ал ойдогудай адам. Менин жашоого болгон көз карашым менен ичимдикке болгон сүйүүм кайдан келгенин эми билип отурам", —деп тамашалап жазат Treasure_marnae аттуу колдонуучу.

Видеонун алдынан чоң энени мактаган постторду көрсө болот.

"Мен анын ким экендигин билбейм, бирок жакшы көрүп калдым", — деп жазат jhazzyt.

Дагы башкалар ага ден соолук жана узак өмүр каалап өтүшкөн.

"Ал дагы көп жашайт деп үмүттөнөбүз. Өзүн да абдан жакшы алып жүрөт экен. Дайыма ушундайыңыздан жазбаңыз!", — деп колдонуучулардын бири жакшы сөзүн айткан.

Ушул эле учурда Mashable порталы карылык анчалык деле коркунучтуу эмес экенин айтып, 100 жашта деле кемпирдей кыймылдаса болорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0