Лондондон Сан-Франциского багыт алган учак чычкан үчүн кармалды

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүВыставка «Год мыши»
Выставка «Год мыши» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн кырдаалга жүргүнчүлөр кыжаалат болбой, түшүнүү менен мамиле кылышкан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. British Airways компаниясынын Лондон — Сан-Франциско каттамы боюнча уча турган самолету чычкандын айынан бир нече саатка кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ABC News телеканалына таянуу менен кабарлады.

Жүргүнчүлөрдүн баары учакка кирип отурганда капитан бортто чычкан жүргөнүн айткан.

"Учактын ичинде жүргөн чычканды бирөөлөр байкап калыптыр. Экипаж бизди учакта 15 мүнөттөй кармап, андан кийин гана учак учпай турганын айтып, бизге сыртка чыккыла деп буйрук беришти", — деди жүргүнчүлөрдүн бирөө.

Түзүлгөн кырдаалга жүргүнчүлөр көп кыжаалат болбой, түшүнүү менен мамиле жасашкан.

Чычкан учактын ичине кантип кирип кеткени белгисиз. Эреже боюнча мындай кырдаалда экипаж учакты абага көтөрүүгө тыюу салынат. Себеби, күтүлбөгөн кырдаал болуп кетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0