Анкара Гүлендин тарапташтарын өмүр бою кесүү боюнча 3 миңге чукул бүтүм чыгарды

© REUTERS / MURAD SEZERТүркиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Архив
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Анкаранын прокуратурасы 2016-жылдын июлунда Түркиядагы аскердик төңкөрүштү уюштурууга аракет кылгандар боюнча күнөөлөгөн 2988 өкүм чыгарды. Бул туурасында РИА Новости Sabah гезитине шилтеме кылып кабарлады. 

Визит президента РФ В. Путина в Турцию - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган АКШ президенти Трамп менен жолукса, Гүленди берүүнү сурарын айтты
Ал оппозициядагы ислам үгүттөөчүсү Фетхуллах Гүлендин 38 тарапташына чыгарылган. Маалыматта күнөө тагылган адамдар төңкөрүштө маанилүү роль ойногон Дүйнөнүн кеңеши деп аталган уюмга кирген деп айтылат.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0