Окумуштуулар мамонттордун тукум курут болушунун себебин аныктады

© Sputnik / Валентин Барановский / Медиабанкка өтүүЗоологический музей
Зоологический музей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калифорния университетинин профессорлору аталган жаныбардын ДНКсын изилдеп чыгышкан.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мамонттордун тукум курут болушуна "мутациялык жарылуу" себеп болгон. Бул тууралуу РИА Новости PLOS Genetics журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Калифорния университетинин профессору Ребека Роджерстин айтымында, ДНКдагы мутациянын кескин көбөйүшү жаныбарлардын кыскарышына алып келген.

"Биз көптөгөн мамонттордун ДНКлары мутациядан жабыркагандыгын көргөндө абдан таң калдык. Буга чейинки изилдөөлөр дагы мамонттордун ДНКлары жабыркагандыгын көрсөткөн. Ушундан улам аталган жаныбарлар мутациялык жарылуудан улам жок болгон деген тыянакка келдик", — деди окумуштуу.

Белгилей кетсек, мамонттор 45 миң жыл мурда жашаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0