АКШ башка өлкөлөргө каржылык жардамды кыскартууга белсенип жатат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШны желеги. Архив
АКШны желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мамлекеттик департаменттин жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) бюджетин 37 пайызга кыскартуу туурасында айтылган болчу.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы чет өлкөлөргө көрсөтүлгөн каржылык жардамдардын көлөмүн кыскартууну сунуштап жатат. Бул тууралуу Ак үйдүн административдик бюджет башкармалыгынын директору Мик Малвани айтканын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

"Биз башка өлкөлөргө берилген жардамдарды азайтып, ал каражаттарды өзүбүздө колдонууга өтөбүз" деген. Бул менен аскердик бюджетти 54 миллиард долларга көбөйтүү керектиги сунушталып жатат", — деди Малвани.

Ошондой эле маалыматта буга чейин Wall Street Journal журналы Трамптын администрациясы жылдык бюджети 50 миллиард долларды түзгөн мамлекеттик департамент жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) бюджетин 37 пайызга кыскартууну сунуштап жатканын жазып чыкканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0