Тайланд зоопаркынын ветеринарлары тирүү ташбакага операция жасап, анын курсагынан беш килограмм тыйын табышкан

Тайландда ташбаканын ичинен беш килограмм тыйын чыкты

Жаныбардын ичинен чыккан тыйындар дүйнөнүн ар кайсы мамлекетине таандык болгон.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Тайланд зоопаркынын ветеринарлары тирүү ташбакага операция жасап, анын курсагынан беш килограмм тыйын табышкан. Бул тууралуу РИА Новости Таиланддын үчүнчү улуттук телеканалына таянып кабарлады. 

Билдирүүгө ылайык, ташбаканын ичинен чыккан тыйындар дүйнөнүн ар кайсы мамлекетине таандык болгон.

"Бул ташбакалар көп жылдан бери туристтер көп келген Чонбури облусундагы зоопаркта жашашат. Туристтер арасында эгер деңиз ташбакалары бар сууга тыйын ыргытса, Таиландга кайра келесиң деген ишенимдер болгон. Бир нече күндөн кийин зоопарктын кызматкерлери бир ташбака оң капталына эңкейип сүзгөнүн байкашкан. Аны рентгенге түшүргөндө курсагынан тегерек, жалпак темирлер көрүнгөн", — деп жазылат маалыматта.

Ташбакага операция ийгиликтүү жасалып, анын ичиндеги тыйындар алынган. Маалыматта операциядан кийин жаныбардын абалы турукташып калганын кошумчалаган.

Белгилер:
Ташбака, зоопарк, операция, Тайланд
Тема боюнча
Россияга ташылып бараткан 8 миңге жакын таш бака Казакстанга кайтарылды

АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо

(жаңыланган 12:26 16.04.2021)
Афганистандын эли Байдендин америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечимине нааразы. АКШ президенти жоокерлердин "үйгө кайтуусуна" мезгил жеткенин айтты.

АКШ 20 жылдан бери талибдер менен эпке келип, өлкөдө тынчтык орнотуу оюн ишке ашыра алган жок. Америкалык жоокерлер качан Афганистандан толук чыгып кетет? Согушкерлерге эмнени түшүндүрүп, кырдаалды кантип жолго салып кете алат. Суроолорго жоопту видеодон көрүңүз.

Белгилер:
армия, чечим, Жо Байден, жоокер, Аскер, согуш, Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
"Азиянын жүрөгүн дарылоо". Кыргызстан Афганистанга эмнеге жардам бериши керек
Уйлөнүү үлпөтү. Архив

Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя

(жаңыланган 12:02 16.04.2021)
Жигит нике кыюуда алынчу өргүү акысын атайылап кыянаттык менен колдонуп, алтургай жумуш берүүчүгө айып пул төлөттүрүп алган.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Тайванда банк кызматкери каражат төлөнө турган эмгек өргүүнү 32 күнгө узартуу амалын тапканын Oddity Central порталы жазды.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча никеге туруп жаткан жаран сегиз күндүк эмгек өргүү алууга укуктуу. Бирок бул сегиз күн тайвандык жигитке аздык кылып, ал Эмгек кодексинде жазылгандарды амалдуу колдонуп кеткен.

Жигит сүйүктүүсүнө үйлөнүп, бирок эмгек өргүүнүн акыркы күнү аялы менен ажырашкан. Эртеси күнү ал аял менен кайрадан баш кошуп, дагы сегиз күн алган. Ал муну менен токтоп калбай, үч жолу ажырашып, төрт жолу үйлөнгөн. Натыйжада 32 күнгө эмгек өргүү акысын алган.

Бирок банк акыркы өргүү үчүн каражат төлөөдөн баш тарткан. Анда жумушчу Тайбэйдеги шаардык Эмгек бюросуна арыз менен кайрылып, банкты мыйзам бузууга айыптаган. Компаниянын башкармалыгы болсо апелляцияга берип, жумушчу өзү тартип бузгандыгын билдирген.

Эмгек бюросу тергөө иштерин жүргүзүп, чечимди кызматкердин пайдасына чыгарган. Мындан улам жумуш берүүчү "жабырлануучуга" 700 доллар айып пул төлөп берүүгө аргасыз болгон.

Белгилер:
нике, мыйзам, Тайвань
Тема боюнча
Кытайда жигит сүйүктүүсү каза болгондон кийин ага үйлөндү
Колуктуну мурдагы жигити үйлөнүү тоюнда кучактап, элди таң калтырды. Видео
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу

(жаңыланган 14:18 16.04.2021)
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.

Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл" тамыры чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.

"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып, казып жатабыз", — деди министр.

Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, эл, коргошун, уу, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео