Дарбазага топ киргизген 50 жаштагы япон футболчусу дүйнөлүк рекорд койду

© AP Photo / KATSUMI KASAHARAЯпониялык спортчу Кадзуёси Миура. Архив
Япониялык спортчу Кадзуёси Миура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Иокогама" клубунан топту атаандаштарынын дарбазасына 50 жаштагы Миура киргизип, 1965-жылы 50 жашында "Сток Сити" командасынан чыккан Стэнли Мэтьюздун деңгээлине жеткен.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Япониялык спортчу Кадзуёси Миура профессионалдык футбол тарыхында улуу оюнчу болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости Эл аралык футбол федерациясына (FIFA) таянып кабарлаган.

Маалыматка караганда, 50 жаштагы футболчу Япониядагы чемпионаттын экинчи дивизиондук "Йокогама" клубунун атынан чыккан.

​Жекшемби күнү дивизиондун экинчи турунда "Иокогама" клубу "В-Варен Нагасаки" командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде аяктады.

"Иокогама" клубунан топту атаандаштарынын дарбазасына 50 жаштагы Миура киргизип, 1965-жылы 50 жашында "Сток Сити" командасынан чыккан Стэнли Мэтьюздун деңгээлине жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0