Түркиянын бир нече дипломаттары Швейцариядан баш паанек сурады

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖенева шаары. Швейцария. Архив
Женева шаары. Швейцария. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптын тең бийлиги азырынча комментарий бере элек.

БИШКЕК, 9-мар.  — Sputnik.  Түркияда бир канча дипломатиялык паспорттордун ээлери Швейцариядан баш паанек сурады. Бул туурасында РИА Новости Tages-Anzeiger гезитине шилтеме кылып кабарлады. 

Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Анкара Гүлендин тарапташтарын өмүр бою кесүү боюнча 3 миңге чукул бүтүм чыгарды
Басылма дипломатиялык паспорттордун ээлери ким экендиги азырынча так боло электигин билдирди. Эки тараптын тең бийлиги азырынча түшүндүрмө бере элек.

2016-жылдын 16-июлунда көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, эки миңден ашык адам жаракат алган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине Гүлендин тарапташтарын күнөөлөп, анын өзүн АКШдан экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0