Лукашенко атка минерлерге туугандарын жумушка орноштуруу буйругун берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБелоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнкү жыйында президент жалкоолор тууралуу декретти талкууга алып, ал атка минерлердин туугандары бекер отурбашы керек экендигин айткан.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко мамлекеттик кызматкерлерге туугандарын жумушка орноштуруу буйругун берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Бейшемби күнкү жыйында президент жалкоолор тууралуу декретти талкууга алып, ал атка минерлердин туугандары бекер отурбашы керек экендигин айткан.

"Эгерде аялдарыңар жана туугандарыңар ооруп жатса дарылайбыз. Иштей алса жумушка орноштургула", — деди Лукашенко.

Александр Лукашенко 2015-жылдын апрель айында жалкоолор тууралуу декретке кол койгон. Ага ылайык, ишке жарамдуу, бирок жумушсуз жүргөндөр айыпка жыгылат. Үстүбүздөгү жылдын февраль айына карата 54 миң адамга чара көрүлгөн. Ал эми өткөн аптада оппозиция аталган декретке каршы митинг өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0