БУУ: Афганистандагы жазгы согуштук аракеттер чочулатып жатат

© REUTERS / Omar Sobhani/File PhotoАфган армиясынын жоокери. Архив
Афган армиясынын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карапайым калктын арасында каза болгондордун саны акыркы 10 жылдын ичиндеги эң жогорку чекке жеткен.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Афганистандагы жазгы согуштук аракеттердин жандана баштагандыгынан чочулоодо. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында кабарланды. 

Маалыматка ылайык, Кабул бийлиги аялдардын укугун коргоо жана коррупцияга каршы жигердүү аракеттерди көрүп, парламенттик шайлоого даярданууда. Бирок ошого карабастан саясат, экономика жана коопсуздук тармактарында кыйынчылыктарга кабылып жатат.

"Жаздын келиши менен ал жерде куралдуу кагылыштар кескин жандана баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Былтыр кандуу окуялардан улам каза болгондордун саны акыркы 10 жылдын ичиндеги жогорку чекке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0