Асад: үй-бүлөмдү калкалап, Сирияны таштап кетүү ою башыма эч качан келген эмес

© REUTERS / SANAСириянын президенти Башар Асаддын архивдик сүрөтү
Сириянын президенти Башар Асаддын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин айтымында, "иштешкен адамдар, армия мекениңди коргоо үчүн башыңды сайып, берилбегениңди сезип калышат".

БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Сириянын президенти Башар Асад үй-бүлөсүнүн камын ойлоп, согуш жүрүп жаткан Сирияны таштап кетүү тууралуу ой башына эч качан келбегенин айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

"Андан бери алты жыл өттү. Эң кыйын 2012-2013-жылдар болду. Ошол мезгилдери өлкөнү таштап кетүүнү ойлобогон мен, азыр ойломок белем", — деди Асад "Феникс" телеканалына берген маегине.

Сирия лидери мындай ойду өзүнө жакын жуутпастыгын айтты.

"Эгерде ушундай эле бир сезим келсе, анда жеңилдим дей бериңиз. Анда жеңилип эле калбастан, өзүңдү колдоп турган адамдарды да жоготосуң", — деген Асад.

Президенттин айтымында, "андай болгон күндө сен иштешкен адамдар, армия мекениңди коргоо үчүн башыңды сайып, берилбегениңди сезип калышат".

Асад өлкөнү таштап чыгып кетүү ою өзүндө да, үй-бүлө мүчөлөрүндө да болбогондугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0