Кармалганда тамагына кайчы урган тажикстандык Москвада жардыруу жасамак болгон

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы
ФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
План боюнча жарылуучу элементтер менен керектүү болгон башка каражаттарды Москвадан камсыздай турган тараптар болгон.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Москвада атайын кызматтар 8-мартка пландалган терактынын алдын алган. Бул туурасында РИА Новости Известия басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Лондон шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лондон: террорчулар катарына кошулуп кетүүгө камынган беш өспүрүм кармалды
Марттын башында Стамбулдан келип конгон Тажикстандын Изатилло аттуу жараны салттык текшерүү үчүн аэропортто кармалган. Ал мекенине депортицияланып, өмүр бою абакка кесиле тургандыгын түшүнгөндөн кийин телефонун талкалап жиберген. Андан сырткары, кайчыны ала коюп, "кесип жиберем" деп тамагын матырып жиберген. Атайын кызматтар колун толгоп кармап калып, андан кийин ооруканага жеткиришкен. Иликтей келгенде бул жарандын Сирияга барып келгени белгилүү болгон.

"Тергөө иштеринде Тажикстандын жараны Москва шаарына 8-мартта, эл майрамдап жүргөн жерлерде жардырууларды уюштуруу үчүн келгенин мойнуна алды", — деп жазган аталган басылма.

Гезит тартип коргоо органдары террорчунун шериктерин издеп жатканын жазды. Анда жарылуучу элементтер менен керектүү болгон башка каражаттарды Москвадан камсыздай турган тараптар болгону айтылат. Тиешелүү маалыматтарды алгандан кийин Россия тарап Изатиллону Тажикстанга өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0