АКШ аскерлери жашыруун маалымат үчүн сойкуларды белекке алган

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүЖители Севастополя встретили американский фрегат акцией протеста
Жители Севастополя встретили американский фрегат акцией протеста - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын аскерлерине сингапурдук бизнесмен сойкулар катышкан кечелерди байма-бай уюштуруп турган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. АКШ куралдуу күчтөрүнүн адмиралы жана жети аскер параны төшөк аркылуу алган деп күнөлөнүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Washington Post гезитине таянуу менен жазып чыкты.

Күнөө коюлган Пентагондун контр-адмиралы, отставкадагы деңиз жөө аскерлеринин полковниги Брюс Лавлесс баштаган жоокерлер сингапурдук бизнесмен Леонардо Гленн Фрэнсистен пара алган деп күнөөлөнүүдө. Пентагон аталган бизнесмен менен келишимдик негизде иштеп келген.

"Ишкер аскерлерге баалуу белектерди, эс алуу борборлоруна жолдомолорду жана сойкуларды белек кылып турган. Алардын арасында 25 миң долларлык сааттар, эки миң долларлык сигара жана коньяктар болгон", — деп жазылат маалыматта.

Фрэнсис мындай кызматы үчүн анын компаниясынын өнүгүшү үчүн керектүү жашыруун маалымат менен камсыздалып турган.

Мындан сырткары, ал аскерлерге сойкулар катышкан кечелерди байма-бай уюштуруп турган. Учурда аталган иш боюнча 27 кишиге айып коюлуп, дагы 200 киши шектүү катары каралууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0