Түрк полициясы Стамбулда жардырууларды пландаган эки кишини кармады

© REUTERS / Kemal AslanСотрудники турецкой полиции в Стамбуле
Сотрудники турецкой полиции в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда алардын жанынан эки Калашников автоматы жана 500дөн ашуун ок табылган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Түрк полициясы террордук топтун эки мүчөсүн кармады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Hurriyet басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинндин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Флинн түрк бийлиги үчүн Фетхуллах Гүлен жөнүндө маалымат чогулткан
Маалыматка ылайык, согушкерлер бейшемби күнү Кягытхан районунда болгон операцияда колго түшүрүлгөн. Тинтүү учурунда алардын жанынан эки Калашников автоматы жана 500дөн ашуун ок табылган.

Кармалгандар буга чейин жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубунда 39 кишинин өмүрүн алган теракт жасады деп шектелгендер менен бир топто болгону айтылууда.

Эске сала кетсек, жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубунда терракт болуп, 39 адам каза болуп, 69 адам жаракат алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0