Голубянка арион. Архив

Британиялык коллекционер көпөлөктүн өлүмү үчүн күнөөлөндү

118
(жаңыланган 11:11 18.03.2017)
Полиция Каллендин үйүн тинткенде ар кыл курт-кумурскалар салынган отузга жакын куту тапкан.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бристолдун соту британиялык коллекционерди сейрек кездешкен көпөлөктүн өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты.

Бул туурасында РИА Новости Би-Би-Си телекомпаниясына шилтеме кылып кабарлады. 

57 жаштагы Филип Каллен Англиянын коруктарынын биринен сейрек кездешкен көк көпөлөктү кармап, аны өлтүрүп, айнектен жасалган коллецияларынын катарына кошо берген.

Полиция Каллендин үйүн тинткенде ар кыл курт-кумурскалар салынган отузга жакын куту тапкан.

Коллекционер көпөлөктөрдү өз алдынча кармагандыгын танып, аларды чет өлкөдөн кармап келгендигин айткан.

Сот аны көпөлөктөргө карата алты кылмышка тиешеси бар деп тапкан. Анын ичинде кармаган жана өлтүргөн деген пункттар бар. Басылмалар соттун мындай өкүмү Улуу Британияда биринчи ирет кезигип жаткандыгын жазып чыкты.

Аталган көпөлөк – аталган өлкөдө сейрек кездешкен жандык. 1979-жылы аралдын аймагынан толугу менен жок болуп кетип, анын куурчакчаларын Швециядан алып келишкен. Көпөлөктөрдү көбөйтүү үчүн окумуштууларга 25 жылга чукул убакыт керектелген.

118
Белгилер:
көпөлөк, коллекция, сот, Улуу Британия
Тема боюнча
Окумуштуулар көпөлөктөр эмне үчүн жоголуп баратканын аныкташты
Чехия: зоопаркта мүйүзүн араалап, керикти сактоого аракет кылышууда
Трейдерлер фондулук биржада. Архив

Кыргызстандагы жаңылыктардан кийин Centerra Gold Inc акциялары арзандап кетти

135
(жаңыланган 13:55 08.05.2021)
Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына каршы доо арыз жана сырттан башкаруу боюнча жаңы мыйзам долбоору тууралуу жаңылык тараган соң Centerra Gold Inc компаниясынын акциялары Канада жана Нью-Йорк фонддук биржаларында арзандап кетти.

Кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.

Канада биржасында Centerra акциялары 29,97 пайызга арзандап кетти. Investing.com сайтындагы маалыматка караганда, соода башталган учурда 11,98 Канада доллары турган бир акциянын баасы кийин 8,39 долларга түшүп калды. Ал эми Нью-Йорк биржасында акциялар 29,82 пайызга төмөндөдү. Бир акциянын баасы 9,86 АКШ долларынан 6,92ге чейин түштү.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

135
Белгилер:
биржа, акция, Кумтөр, Centerra Gold Inc, Кыргызстан
Тема боюнча
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Банктагы акчаны шылуундардан кантип коргоо керек? Жол-жобосу

39
(жаңыланган 11:01 08.05.2021)
Финансылык маселелер боюнча консультанттын айтымында, акчаны бир нече банктык картага бөлүп кармоо коопсуз.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Банктагы акчаны шылуундардан сактоо жолдорун "Организация личных финансов" компаниясынын башкы директору, финансылык маселелер боюнча консультант Алёна Никитина Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

"Шылуундарга сиздин банктагы эсепке жетүүгө картаңыздагы маалыматтар эле жол ачып берип коёт. Андыктан интернет аркылуу соода кылганда, кайсы бир сайттан күмөн санап калсаңыз, дароо картаны блокко койдуруп, жаңы карта чыгартып алууга аракет кылыңыз. Банк картаны кайра басып чыгарып бергенде андагы маалыматтар, кээде номер дагы өзгөртүлөт", — деди Никитина.

Ошондой эле адис акчаны бир нече картада бөлүп кармоону сунуштаган.

"Мындай учурда онлайн соода кылуу үчүн бир гана банктык картаны пайдаланыңыз. Шылуундар ага кол салса, башка эсептердеги каражатыңыз аман калат", — деди консультант.

Мындан тышкары, ири суммадагы акча сакталып турган эсепке карта жасатпай эле койгон оң деген кеңешин берди.

39
Белгилер:
шылуун, кеңеш, адис, коопсуздук, эсеп, банк, акча
Тема боюнча
Улуттук банк пайда көрүү үчүн чет элдик валюта сатып алчуларга кеңеш берди
ӨКМ кызматкери Жалал-Абад облусунун Чаткал дарыясында издөө учурунда

Агасы менен отунга бараткан. Чаткалда 6 жаштагы бала дарыяга агып кетти

0
Издөө иштерине 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

  • Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала агып кетти
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Маалыматка караганда, дарыя тарапка бир тууган агасы экөө отун алуу үчүн барышкан
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Саат 11:20лар чамасында издөө иштерине Чаткал райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына алты жаштагы бала агып кетти

Маалыматка караганда, дарыя тарапка бир тууган агасы экөө отун алуу үчүн барышкан. Саат 11:20лар чамасында издөө иштерине Чаткал райондук өрт куткаруу бөлүгүнүн башчысынын жетекчилиги алдында 12 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, 20 жергиликтүү тургун, жалпы 42 адам тартылган.

Учурда издөө уланууда, кошумча маалымат берилет.

0
Белгилер:
куткаруу, дарыя, Чаткал, издөө, бала
Тема боюнча
Баткенде дамба жырылып, 1500 адам эвакуацияланды. Сүрөт
Таласта үч жашар баласын суудан куткарам деп апасы да чөгүп кетти