Лыжачы тоодон кулаган мүнөттөрүн видеого өзү тартып алган

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүТоодогу лыжачы. Архив
Тоодогу лыжачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун айтымында, кар башкача болуп туруп алганы кырсыкка себеп болгон.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Смоленскилик лыжачы Иван Малахов Freeride World Tour деп аталган эл аралык турнирге катышып жатканда, кокустуктан тоодон ылдый кулаган учурун өзү видеого тартып калган. Видео YouTube каналына жайгаштырылгандыгын РИА Новости жазды. 

Окуя Австриянын тоолорунда, таймаштын үчүнчү айлампасында болгон. Малахов Facebook баракчасына кырсык кандайча болуп кеткендигин түшүндүрүп берген.

Анын айтымында, кар башкача болуп туруп алганы кырсыкка себеп болгон.

"Оңбогондой эле куладым. 17 ирет чырмап байлаган лыжам заматта чечилип кетти. Спорттун карьерамда бир жолу мындай катуу кулаган эместирмин", — деген спортчу.

Кырсыктаган лыжачыны уюштуруучулар тик учак менен тоолордун арасынан алып чыгып, ооруканага жайгаштырган. Ал жерден сөөктөрү аман-эсен экендигине көздөрү жеткен соң, мейманканага жеткиришкен.

"Эки күн кыйналып, эптеп эле басып жүрдүм", — деп айткан Малахов.

Интернет колдонуучулар анын арка моюну астында калбаганына шүгүр кылыш керектигин айтышып, кудай сактаптыр деген маанайдагы пикирлерин жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0