Интернет колдонуучулардын оозун ачырган алп короз

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПетух породы "Брама светлая" на выставке
Петух породы Брама светлая на выставке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөн көзүнө ишенбеген айрым адамдар, видео монтаж аркылуу жасалган болушу мүмкүн деген пикирлерин айта башташкан.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Болуп көрбөгөндөй чоң короз тартылган видео соцтармактардын колдонуучуларын таңкалтыргандыгын Mashable порталы жазып чыкты.

Алп короз тууралуу видеону өзүнүн Twitter тармагындагы аккаунтуна LifesBook_Ceo. деген колдонуучу болүшкөн.

​"Короздун ушунчалык чоңоюп кеткенине мен эле таң калып атамбы?" — деп колдонуучу постуна жазган.

Көп өтпөй видео интернетте популярдуулукка жетишип, 37 миң "лайк" алган. Атургай аны менен 27 миң адам бөлүшкөн. Көргөн көзүнө ишенбеген айрым адамдар, видео монтаж аркылуу жасалган болушу мүмкүн экенин жазышты. Бирок кийин ал короз бою 60-120 сантиметрге чейин өсүүгө жөндөмдүү Брама породасынан экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0