Францияда жаш түгөйлөр XV-XVII кылымдарга таандык үч миңден ашык тыйын таап алышты

© flickr.com / Hans SplinterЭксперт: Наличие дефицита бюджета влечет риски и опасения для экономики
Эксперт: Наличие дефицита бюджета влечет риски и опасения для экономики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар жалпысынан үч миң күмүш, 17 алтын тыйын табышкан. Сейрек табылгалар 1473-1610-жылдар аралыгында чыгарылганын адистер белгилешүүдө.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Францияда түгөйлөр үйүнүн жер төлөсүнөн XV-XVII кылымдарга таандык үч миң тыйын таап алышты. Бул тууралуу РИА Новости BFMTV телеканалына шилтеме берип билдирди.

Мальчик рассматривает аквариум с рыбами. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кытайда байыркы "соот кийинген" балыктын жаңы түрүн табышты
Маалыматка ылайык, Франциянын түндүк-чыгыш тарабындагы Кичи Рейнде жашаган жаш үй-бүлө үйдүн жер төлөсүнөн күмүш жана алтын тыйындарды таап алышкан.

Үй ээси 1580-жылы курулган турак-жайды оңдоо учурунда тыйындар толтурулган кумараны таап алган. Анын ичинде үч миң күмүш жана 17 алтын тыйын болгон. Бул табылгалар 1473-1610-жылдар аралыгында чыгарылганын адистер айтышууда.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча үй-бүлөнүн табылгасын мамлекет ала албайт. Анткени жер тилкеси үй ээсине таандык. Бирок мамлекеттик мекемелер беш жыл аралыгында илимий-изилдөө иштерин жүргүзө алат. Андан соң гана ага мамлекет акчалай сыйлык сунуштап, аны ала алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0