БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Бир нече жылда 915 тыйынды жутуп алган ташбака операциядан кийин өлдү. Бул тууралуу Таиланддын үчүнчү улуттук телеканалы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ташбака Бангкок шаарындагы Чулалонгкорн университетинин ветеринардык ооруканасында өлүп калган. Дарыгерлер буга чейин анын ичегисине жана карынына операция жасап, ичинен 915 тыйын алынган.Ташбаканын абалы операциядан кийин жакшырган, бирок андан кийин кайрадан оорлоп экинчи ирээт операция жасалган. Ага карабай жандыктын канында никелдин курамы 200 эсеге чейин жогорулап кеткендиктен өлгөн.
Кошумчалай кетсек, аталган көк ташбакалар 80 жылга жакын жашайт. Учурда алар жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.
Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.
"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.
Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.
"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.
Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.
"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.
Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.