Венесуэлада аскерлерди өлтүрдү деп шектелген өспүрүмдөр кармалды

© AFP / Jose CABEZAS Задержание, арест подозреваемых
Задержание, арест подозреваемых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратурадан алардын арасында жашы жете элек кыз бар экендиги маалым болду. Булардан сырткары ал топтун ичине 8 жана 12 жаштагы тестиерлер кирген.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Венесуэланын армиясындагы аскер адамдарынын өлүмү боюнча жергиликтүү прокуратура иш козгоп, учурда ага өспүрүмдөр шектелип жатат. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Патруль полиции Китая в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 2016-жылы коррупция боюнча 2800 адам соттолгон
Маалыматта кармалган балдардын 14, 15 жана 17 жашта экендиги айтылууда. Прокуратура алардын арасында жашы жете элек кыз бар экендигин билдирди. Булардан сырткары ал топтун ичине 8 жана 12 жаштагы эки тестиер кирген.

Аскерлерди өлтүрүү жекшемби күнү Каракас деп аталган шаарда болгон. Алар кеч курун ресторандан чыгып келе жатканда балдар алардын баалуу буюмдарын алып качкан. Чоңдор артынан кууганда буктурмада турган берки балдар кишилерге бычак менен кол салган. Анын кесепетинен жарадар болгон эки сержант бычактын уусунан каза тапкан. Бул туурасында Universal порталы кабарлаган.

Аталган өлкөдө экономикалык абал начар болгондуктан, кырсык көп жасалып келет деп мүнөздөшөт аналитиктер.

Жаңылыктар түрмөгү
0