Россияда башка өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушсуз калышы мүмкүн

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТаксисттин документтерин текшерип жаткан кызматкер. Архив
Таксисттин документтерин текшерип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул норма буга чейин эки жолу киргизилип, чет өлкөлүк айдоочулардын жана транспорт фирмаларынын даярдыгы жок болгондуктан, ишке ашпай калган.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. 1-июлдан баштап Россияда башка өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштеген адамдар ишин уланта албай каларын "Известия" гезити жазды. http://izvestia.ru/news/673267

Июль айынан баштап айдоочулук күбөлүктү башка өлкөдөн алган айдоочулар РФтин "Жол кыймылынын коопсуздугу" мыйзамына жана Административдик укук бузуулар кодексине кирген өзгөрүүлөргө ылайык жумушка алынбайт. 

Өзгөрүүнүн унааны жеке өзү үчүн колдонгондорго тиешеси болбойт. 

Соцэксперимент: ооруканага жете албай жаткан кызды таксисттер бекер алып барабы? - Sputnik Кыргызстан
Соцэксперимент: ооруканага жете албай жаткан кызды таксисттер бекер алып барабы?
Эгер Россиядан күбөлүк албаган айдоочу кармалса, жумуш берүүчү 50 миң рубль айыпка жыгылат. 

Маалыматка караганда, бул норма буга чейин эки жолу киргизилип, чел өлкөлүк айдоочулардын жана тарнспорт фирмаларынын даярдыгы жок болгондуктан, ишке ашпай калган. 

Таксисттер профсоюзу аталган демилгени колдоп, бул мыйзамсыз киши ташыгандарга бөгөт коет деп ишенет. 

Бирок гезитте айтылгандай, чет өлкөлүк айдоочулар Россиянын Жол кылмылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясына бүгүн арыз берсе дагы 1-июлга чейин күбөлүк алууга жетишпейт. Анткени инспекциядан тиешелүү өлкөгө кат жолдоп, айдоочу чын эле күбөлүк алганын тастыкташы керек. Бул ишке бир нече ай кетиши мүмкүн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0