Йемен соту экс-президентин өлүм жазасына тартты

© AFP / EBRAHIM HAMIDЭкс-президент Йемена Абд-Раббу Мансур Хади
Экс-президент Йемена Абд-Раббу Мансур Хади - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку өлкө башчысы мындай жазага "мамлекетке жасаган чыккынчылыгы" жана " Сауд Аравиясына, ошондой эле анын союздаштарына көмөк көрсөткөнү" үчүн кириптер болгон.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Йемен козголоңчуларынын колунда турган Сана шаарынын соту өлкөнүн экс-презденти Абд Раббу Мансурду өлүм жазасына тарткан өкүм чыгарды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Эр-Рияд шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Сауд Аравияда канзаада жасаган кылмышы үчүн түрмөдө сабалды
Агенттиктин маалыматына караганда ал "мамлекетке жасаган чыккынчылыгы" жана " Сауд Арабиясы менен анын союздаштарына көмөк көрсөткөнү" үчүн катаал жазага тартылган. Мындан сырткары, Сана шаарынын соту жогорку кызматтагы дагы алты адамды ушундай эле жазага өкүм кылган. Алардын катарында Йемендин АКШдагы элчиси Авад Бин Мубарак жана мурдагы тышкы иштер министри Рияд Ясин бар.

Йеменде 2014-жылдан тарта "Ансар Алла" шииттер кыймылынан чыккан хусит-козголоңчулар жана мурдагы президент Али Абдалла Салех менен өкмөт аскерлеринин, президент Абд Рабби Мансур Хадинин ортосундагы куралдуу чыр-чатак уланып келет.

Өкмөткө абадан да, жерден Сауд Аравиясынын башында турган коалиция көмөк көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0