БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Коомчулуктун тынымсыз активдешип, жашоонун өскөн тез темпинен улам уйку канганча уктоо кытайлык көп жарандардын кыялына айланып бара жатат. Бул туурасында Синьхуа агенттиги кабарлады.
Жүргүзүлгөн сурамжылоо Кытайдын жашоочуларынын 76 пайызы 10-45 жаш курагында толук уктабагандыктын кесепетинен жапа чегерин көрсөткөн. 60 миң респонденттин арасынан 11 пайызы гана толук уктай аларын айтышкан.
Кытайлыктар буга чейин уйку качкандан жапа чегерин айтуудан тартынып келсе, учурда бул коомчулуктун кеңири талкуусуна айланган тема болду.
Кытай дарыгерлер ассоциациясынын өкүлү Чжан Бинь жашоонун тез темпи, стресс жана жасалма жарыкты колдонуу – фонарлар уйкусуздуктун негизги себепкери экендигин билдирген.
Уйкунун тынч болушуна компьютер менен мобилдик телефондорду колдонуу да терс таасирин тийгизери маалымдалды. Респонденттердин 93 пайызы уктаар алдында телевизор көрүп же интернеттен соода кылышарын айтышкан.
Пекин университенинин ооруканаларынын биринде дарыгер болуп иштеген Лу Линя чоңдор орточо эсеп менен 7-8 саат, ал эми балдар 9-10 саат укташы керектигин айткан.