Кытай менен Франциянын окумуштуулары Зика вирусуна каршы дары иштеп чыгышууда

© AP Photo / Lynne SladkyЗика вирусу. Архив
Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вакцинаны 2019-жылы африкалыктарга жеткиликтүү кылуу максаты көздөлүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кытай менен Франциянын окумуштуулары Зика вирусуна каршы вакцинаны иштеп чыгышат. Бул тууралуу РИА Новости Кытай эл республикасынын илимдер академиясынын алдындагы Пастер институтуна шилтеме жасап билдирди. 

Маалыматка ылайык, дарыны иштеп чыгууда генетикалык инженерия ыкмасы колдонулган.

Пастер институтунун директору Тан Хундун айтымында, вакцина Африкада 2019-жылы колдонууга берилиши мүмкүн.

"Азыркы учурда вакцинанын клиникалык изилдөөдөн өткөрүү аракеттери башталды. 2019-жылы ал дары Африкада пайдаланууга берилиши мүмкүн", — деди Тан Хун.

Ошондой эле кытайлык адистер аталган эмгек Зика илдетине каршы коопсуз жана натыйжалуу вакцинанын биринен болорун белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0