Обама Ак үйдө жүргөн учурун эстеп мемуар жазууга ниеттенүүдө

© REUTERS / /Jonathan ErnstАКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү
АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынч океандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Тетиароа аралына учуп барган Обама ал жакта көпкө чейин калмак болгон.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Тынч океанда жүргөн учурунда мемуар жазууга белсенип жатат. Бул тууралуу Washington Post басылмасы мурдагы президенттин таанышына таянып маалымдаган. 

АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана күйөө баласы Джаред Кушнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп күйөө баласын Ак үйдөгү жаңы бөлүмдүн башчылыгына дайындайт
Басылмада жазылгандай, март айынын орто ченинде Обама Тынч океандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Тетиароа аралына учуп барган. Бул жакта көпкө чейин калууну пландап, Ак үйдө жүргөн учурун эстеп мемуар жазууга ниеттенген.

Буга чейин New York Times гезити Penguin Random House аталышындагы басылма АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жана анын аялы Мишелдин жазган мемураларын басып чыгарууга укук алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0