Берлиндеги музейден бир миллион долларлык алтын тыйын уурдалды

© AFP / Marcel MettelsiefenЗолотая монета "Большой кленовый лист"
Золотая монета Большой кленовый лист - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тыйындын калыңдыгы үч сантиметр, диаметри 53 сантиметрге жетип, Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин сүрөтү тартылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Германиянын музейинде бир миллион долларлык алтын тыйын жоголду. Бул тууралуу РИА Новости шаардык полициянын Twitter баракчасына шилтеме жасап билдирди.

Маалыматка ылайык, дүйшөмбүгө караган түнү кымбат баалуу тыйын Берлин шаарындагы Боде музейинен уурдалган. "Чоң зараң жалбырагы" аталышындагы тыйындын салмагы 100 грамм болуп таза алтындан жасалган. Аны калыңдыгы үч сантиметр, диаметри 53 сантиметрге жетип, ага Улуу Британия ханышасы Елизавета IIнин сүрөтү тартылган.

​Алдын ала маалыматтар боюнча музейдеги экспонат саат 03:30дарда уурдалган. Түн ичинде алып кеткен адамдын шериги болгону айтылууда. Азырынча кылмышкерлер имаратка тепкич менен терезе аркылуу киргендиги айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0