Йемендик уй-було. Архив

Йеменде согуштун айынан миллиондогон жаран ачкачылыкка кабылууда

75
Өлкөдөгү согуштун кесепетинен эки жылда миңдеген тургундар көз жумган. Алардын 1,5 миңи балдар экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Эки жылга созулган согуштун кесепетинен Йеменде миллиондогон адам азык-түлүк каатчылыгына кабылды. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун расмий сайтында кабарланды.

Билдирүүгө ылайык, учурда 19 миллион йемендик ачкачылыктан жапа чегип, калктын үчтөн эки бөлүгүнөн көбү гуманитардык жардамдарга муктаж, ошондой эле жети миллион адам азык-түлүк каатчылыгына кабылган.

БУУнун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стивен О"Брайандын айтымында, азык-түлүк тартыштыгынан улам үч миллион адам өз үйүн таштап кеткен.

"Согуштук аракеттерден улам Йемендин экономикасы төмөндөп, азык-түлүк ресурстары азайып кетти. Мындан улам үч миллион адам өз турак-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду", — деди О"Брайан.

Аталган аймактагы согуштун кесепетинен эки жылда миңдеген тургун көз жуумп, он миңдеген адам жарадар болуп, 1,5 миң бала каза болгон.

Ал эми ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча йемендик үй-бүлөлөрдүн 80 пайызы карызга батып, калктын жарымы күнүнө эки долларга жетпеген акчага күн көрүшүүдө.

75
Белгилер:
ачкачылык, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Йемен
Тема боюнча
БУУ: жер бетинде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эң чоң гуманитардык каатчылык болууда
Йемендеги терактыдан айлыгын алуу үчүн келген 43 аскер каза тапты
Сойку кардары менен. Архив

Түркияда кыргызстандык аялдарды интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлагандар кармалды

74
(жаңыланган 13:30 19.01.2021)
Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.

Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.

Аларды кармоо үчүн атайын операция бир эле учурда шаардын ар кайсы райондорунда жүргүзүлгөн. Тартип сакчылары Россия, Украина, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары кармалып турган бир нече батирлерди табышкан. Жалпы жонунан сегиз чет элдик аял куткарылган. Аларды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлап күч колдонулганы белгиленди.

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.

74
Белгилер:
кылмыш, кызмат, интим, Түркия
Тема боюнча
АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

29
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

29
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим
Ырчы Самара Каримова. Архив

Самара Каримова кызматынан кол жуушу мүмкүн. Маданият министрлиги сотко даттанды

0
(жаңыланган 14:31 19.01.2021)
Министрлик ырчы кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арызын эки жылдан кийин жазып, сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенин белгилейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.

"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.

Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:

Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;

КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;

Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.

Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.

Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин бузуп кирген.

Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.

Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.

0
Белгилер:
кайрылуу, сот, Маданият министрлиги, жетекчи, Самара Каримова
Тема боюнча
Кайрат Примбердиев "КР эмгек сиңирген артисти" наамын сактап калды
Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү