БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Азербайжандын тургуну үйлөнүү тоюна келбей койгон конокторду сотко берерин vesti.az маалымат агенттиги адвокат Вугар Сафарлиге таянуу менен билдирди.
"Азербайжанда адаттан тыш сот иши каралышы мүмкүн. Жактоочу Вугар Сафарлинин айтымында, бир жаран кайрылып, анын үлпөт тоюна келбей койгон конокторду сотко берүүгө камынып жатканын айткан", — деп жазат аталган агенттик.
Бирок кайрылган кишинин мындай өтүнүчүн кароо реалдуу эместигин Сафарли баса белгилеп, акыркы учурда Азербайжанда той берүү өз алдынча бизнеске айланып кеткенин кошумчалаган.
Агенттик ошондой эле акыркы статистикалык маалыматтарга таянып өлкөдө күн сайын 36 жубай ажырашарын жазат.