Англиялык жигит велосипед менен ааламды 80 күндө айланып чыгууга белсенип жатат

© Sputnik / Мария Плотникова / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Куба
Страны мира. Куба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бомонд сапарын 2-июлда Парижден баштоону чечкен. Азырынча көнүгүп, өзүн сапарга даярдай баштады.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Британиялык спортчу Марк Бомонд велосипед менен ааламды 80 күндө айланып чыгып, рекорд коюуга камданып жатат. Бул туурасында РИА Новости Guardian басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Саякатчы жигит велосипедчен 75 күн жүрүү ниетинде. Ал эми калган үч күн учак менен жерден-жер которууга кетет деп пландоодо. Ал күнүнө 386 чакырым жүрүп, жалпысынан 29 миң чакырымды багынтам деп турат.

Тоо велосипеди боюнча жарыш, архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тоо велосипеди боюнча өлкө биринчилиги өтөт
Бомонд сапарын 2-июлда Парижден баштоону чечкен. Франциядан чыгып, Польша, Литва, Россия жана Монголия аркылуу Пекинге бармакчы. Ал аймактан Австралия, Жаңы Зеландия жана АКШга сапар алууга белсенип жатат.

Дүйшөмбү күндөн тарта Британияда суу жээктей 5,6 миң чакырымды велосипед менен өтүп, өзүнүн күчүн сынап, машыга баштай турганын айтты.

Буга чейин Бомонд 2008-жылы 195 күндө дүйнөнү айланып чыгып, рекорд койгон. Андан кийинки рекордду Жаңы зеландиялык Эндрю Николсон 2015-жылы жаңыртып, ааламды 123 күндө айланып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0