Сауд Аравияда адеми төөлөрдүн сынагы өтүп жатат

© AFP / FAYEZ NURELDINEЕжегодный фестиваль верблюдов короля Абдулацциза в Руме
Ежегодный фестиваль верблюдов короля Абдулацциза в Руме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык сынакта жеңиш үчүн 50 миңден ашуун жандык күч сынашат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Сауд Аравияда өтүп жаткан эл аралык сулуулук сынагына миңдеген төө катышып жатканын The Washington Post басылмасы кабарлады. Аталган иш чара 15-апрелге чейин уланат.

Эң адеми төө тандалып алынган конкурс жыл сайын өтүп келет. Кечээ башталган сынактын жеңүүчүсүнө 31 миллион доллар ыйгарылып, иш-чарага 50 миңден ашуун жандык күч сынашып жатат.

Зоопарктагы кериктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чехия: зоопаркта мүйүзүн араалап, керикти сактоого аракет кылышууда
Төөлөр кирпиктеринин узундугу, көзүнүн көлөмү жана эриндеринин формасы сыяктуу критерийлер менен бааланат. Мындан тышкары, фестивалдын алкагында келген меймандар баасы 4 миңден 270 миң долларга чейин барган төөлөрдү аукциондон сатып алуусуна шарт түзүлөт.

Төөлөрдүн арасындагы сынак 1999-жылдан бери падышалык үй-бүлөнүн колдоосу менен өтүп келет. Убакыттын өтүшү менен иш-чара эл аралык масштабга чейин жеткен. Жыл сайын сынакка күбө болуу үчүн 1500гө чукул мал ээлери жана дүйнөнүн ар бурчунан 10 миңге чукул конок келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0