Санкт-Петербургдагы жардыруудан каза болгондордун саны 14 кишиге жетти

© Sputnik / Александр Тарасенков / Медиабанкка өтүүВзрыв в метро в Санкт-Петербурге
Взрыв в метро в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканада дагы 49 бейтап жатат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардыруудан каза болгондордун саны 14 кишиге жетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Россиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага таянуу менен билдирди.

Жардыруудан буга чейин 11 киши каза болуп, элүүгө жакын киши жаракат алганы маалымдалган. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, ооруканада дагы 49 бейтап жатат.

"Жалпысынан 14 киши каза болду, алардын 11и окуя болгон жерде жан берсе, үчөө алган жаракатынан улам каза болду", — деди Скворцова.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон

Жардырууну Орто Азия мамлекеттеринен келген жарандар жасашы мүмкүн деп айтылууда. Учурда шектелип жаткан жаран Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастады.

Жаңылыктар түрмөгү
0