Иордания королу коробкага чыгып жатып араң Трампка теңелди

© REUTERS / Yuri GripasСовместный брифинг короля Иордании Абдалы II и президента США Дональда Трампа
Совместный брифинг короля Иордании Абдалы II и президента США Дональда Трампа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки лидер Сирияда химиялык курал колдонуу сыяктуу олуттуу темада сүйлөп жатканына карабай журналисттердин көңүлү коробкага бөлүнүп туруп алды.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Иорданиянын королу Абдала II менен АКШ президенти Дональд Трамптын биргелешкен брифингинде кызыктуу окуя болгондугу тууралуу Washington Examiner порталы жазды. 

​Трибунага келгенде Иордания лидери Трампка теңелүү максатында коробкага чыгып алды. Коробка кафедранын далдоосунда турганы менен айрым сүрөттөрдөн даана эле көрүнүп калган. 

"Эки лидер тең Сирияда химиялык курал колдонуу сыяктуу абдан олуттуу темада сүйлөп жатышкан. Бирок журналисттердин көңүлү коробкага бөлүнүп туруп алды", — деп жазылат макалада. 

Маалыматка караганда, АКШ лидеринин боюнун узундугу 188 сантиметр болсо, Иордания королунуку 165 гана сантиметр.

Жаңылыктар түрмөгү
0