Петербургдагы жардыруу: терактыга шектелип 8 адам кармалды

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүФСБ задержала группу, готовившую теракты в Москве и Петербурге
ФСБ задержала группу, готовившую теракты в Москве и Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сегиз кишинин арасында бир аял бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 6-апр — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлиги Санкт-Петербурдагы терактыга шектүү деп саналган сегиз адамды кармаганын РИА Новости Тергөө комитетинин төрайымы Светлана Петренкого шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Экөө Москвада, алтоо Санкт-Петербург шаарында кармалганы айтылды. Маалыматка караганда, алардын арасында бир аял киши бар. 

"Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринен жардыруучу заттар жана куралдар табылды. Эми сотко аларга карата баш коргоо чарасын карап берүү арызы менен кайрылуу пландалып жатат", — деди Петренко. 

Эске салсак, 3-апрель күнү Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы метродо жардыруу болуп, жыйынтыгында 14 адам көз жумган

Ал эми Тергөө комитетинин маалыматы боюнча терактыны ишке ашырууга шектүү деп Кыргызстанда туулуп Россия жарандыгына ээ болгон Акбаржон Жалилов табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0