Индия токоюнда маймылдар менен жашаган кыз табылды

© flickr.com / Sthitaprajna JenaДеятельность полицейских Индии
Деятельность полицейских Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал төрт аяктап басып, жылаңач, башын жерге салып тамак жеп, өзүн жаныбар сыяктуу алып жүргөн.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Индия полициясы токойдо маймылдар менен жашаган кыздын ким экенин аныктап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Пилдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда жапайы пилдин кол салуусунан эмгек мигрант каза тапты
Маалыматка караганда, куткаруучулар Индиянын түндүк тарабындагы токойдон январь айында 10-12 жаштагы кароосуз калган кызды табышкан. Төрт аяктап басып, жылаңач, башын жерге салып тамак жеген кыз өзүн жаныбар сыяктуу алып жүргөн. Ошондой эле ал сүйлөгөндү да билген эмес. Кызды токойдон алып кетип жатканда маймылдар куткаруучуларга кол салып кетирбөөгө аракет жасашкан.

Учурда кыз ооруканада. Полиция анын ата-энесин издеп, кантип токойдо жашап калганы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0