ЖМК: Стокгольмдогу терактыга шектелип Өзбекстандын жараны кармалды

© REUTERS / TT News Agency / Maja SuslinГрузовой автомобиль въехал в толпу в Стокгольме
Грузовой автомобиль въехал в толпу в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери буга чейин шектүү делген эки адамды кармаган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Стокгольмдогу терактыга тиешеси бар делинип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, шектүү Швецияда жашаган Өзбекстандын жараны болгон.

"Ал полиция издеп жаткан кылмышкерге окшоп кийинип жүргөн жана анын кийимдеринен айнектин сыныктары табылган. Шектүүнүн төрт баласы бар. Анын социалдык тармактагы баракчасынан террористтик уюмдарга кызыгуусу бар экенин байкоого болот", — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин полиция эки шектүүнү кармаган.

Эске сала кетсек, Стокгольмдо жүк ташуучу унаа жөө жүргүнчүлөрдү аралап коюп кеткен. Окуядан төрт киши каза болуп, 15 киши түрдүү жаракат алган. Кийинчерээк Швециянын өлкө башчысы окуяны теракт деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0