Стокгольмдо терактын курмандыктары эскерилип, туулар түшүрүлдү

© REUTERS / TT News Agency / Anders WiklundГрузовой автомобиль въехал в толпу в Стокгольме
Грузовой автомобиль въехал в толпу в Стокгольме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилер кырсык болгон жерге гүлдөрдү алып келишүүдө.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Стокгольмдогу мамлекеттик имараттарда жана башка мекемелердеги желектер терактынын курмандыктарын эскерүү үчүн түшүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 7-апрелде Стокгольмдун борбордук көчөсүнөн жүк ташуучу автоунаа катуу ылдамдык менен келип, жөө кишилерди тебелеп кеткен. Анын кесепетинен төрт киши каза болуп, 15 киши түрдүү жаракаттарды алган.

Кишилер кырсык болгон жерге гүлдөрдү алып келишүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0