Нью-Йорктогу метродо поезддин эшигине башы кыпчылып калган аялдын видеосу чыкты

874
(жаңыланган 13:31 09.04.2017)
Нью-Йорк шаарындагы метродо башы поезддин эшигине кыпчылып калган аялдын видеосу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда.

Аял метродон чыгып баратып башы метронун эшигине кыпчылып калган. Окуяга күбө болгон жаран аны видеого тартып, социалдык түйүндөргө жарыялап ийген.

Америкалык NBC телеканалынын маалыматына ылайык, окуя шейшемби күнү Нью-Йорктогу Бронкс станциясында болгон.

Видеодо кыйын кырдаалга кабылган аялга жардам көрсөтпөй, жарандардын кайдыгер мамилесин байкоого болот. Мындай көрүнүш көпчүлүк интернет колдонуучулардын ачуусун келтирди.

Аялга кийин метрополитендин кызматкерлери жардам көрсөтүп, аны чыгарышкан. Мекеменин өкүлдөрүнүн айтымында, жабырлануучу медициналык жардамга муктаж болгон эмес.

874
Белгилер:
Нью-Йорк, аял, метро
Тема боюнча
АКШ: шкаф басып калган эгиздин бирин экинчи түгөйү сактап калды

Белгилүү боксчу көз караштар таймашында атаандашынын бетин тытып алды. Видео

99
(жаңыланган 12:31 23.09.2021)
Бул 6-ноябрь күнү Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мексикалык боксчу, WBA, WBC жана WBO чемпиону Сауль (Канело) Альварес америкалык IBF титулунун ээси, супер орточо салмактагы Калеб Планттин бетин тытып алды. Бул туурасында ESPN телеканалы жазды.

Белгилүү мушкерлердин жаңжалы көз караштар таймашы учурунда чыккан. Алгач алар айтыша кетип, андан соң мексикалык боксчу америкалык атаандашын түртүп жиберген. Ага жооп катары кайтып келип алаканы менен чапкан. Аларды күзөтчүлөр арачалап, токтотуп калган. Натыйжада Альварестин бетинин оң тарабы тытылып кеткен.

"Сен мен тууралуу оозуңа келгендин баарын айтсаң да, апама тийишпе. Мен апам тууралуу жаман нерсе айткан кишинин ар бири менен мушташам", — деп айткан Альварес жаңжалдан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Бул 6-ноябрда Лас-Вегаста (АКШ) өтө турган беттешке карата уюштурулган биринчи маалымат жыйын болгон. Ал күнү супер орточо салмак категориясындагы абсолюттук чемпион аныкталат.

99
Белгилер:
бокс, көз караштар таймашы, атаандаштык, мушташ
Тема боюнча
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Жаракат алгандары бар... Казакстанда спортчулар чабыша кеткен видео
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив

Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды

79
(жаңыланган 11:54 23.09.2021)
РФтин элчиси Удовиченко кыргыз бийлиги мекендештердин коомдук кыймылы менен кызматташуу аркылуу дайыма бир нерсеге ыкчам реакция кыларын айткан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды.

Удовиченко Бишкекте Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү россиялыктар уюштурган аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөгөн.

Элчи көбөйүп, өсүп жаткан көйгөйлөр мекендештер менен кызматташууну кантип күчөтүш керек деген маселени ойлонууга мажбур кылып жатканын белгиледи.

"Кыргыз бийлигин мисал катары айткым келет. Алар мекендештердин коомдук кыймылы менен кызматташуу аркылуу дайыма бир нерсеге ыкчам реакция кылышат", — деген Удовиченко.

Ал белгилегендей, конференцияга Кыргызстандын президенттик администрациясынын өкүлүнүн катышып жатканы кыргыз бийлигинин Россиянын элчилиги, Россотрудничествонун өкүлчүлүгү жана мекендештер менен тыгыз кызматташууга даярдыгын тастыктайт.

79
Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Николай Удовиченко, элчи, мекендештер, кызматташуу
Тема боюнча
Мамытов: пандемия учурунда мигранттар бири-бирин жакшы колдоду
Канттагы аскер базасы көп балалуу жалгыз бой энеге жардам берди. Сүрөт
Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи. Архив

Мекендештер оюндарында кыргызстандыктар алдыңкы орундарды ээлешет

0
(жаңыланган 14:20 23.09.2021)
"Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси аталган мекеме жаштар менен кандай иштерди алып барганын белгиледи. Ал Кыргызстандан барган катышуучулардын спорттук ийгиликтери тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Росскызматташтык" уюмунун башчысынын кеңешчиси Дмитрий Федотов "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" мелдешинде Кыргызстандын спортчуларынын ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Ал жакынкы чет өлкөлөрдөн келишкен россиялык мекендештердин аймактык жаштар конференциясында сөз сүйлөдү.

Федотов белгилегендей, жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулуп келет, тогуз жаштан баштап бардык курактагы топтор камтылган.

"Бизде кичинекей балдар үчүн "Бүткүл дүйнөлүк жаш мекендештер оюндары" сыяктуу чоң программа бар. Ал мелдешке ар кайсы өлкөлөрдүн балдары күчүн сыноо үчүн келишет. Кечээ "Русский дом" мекемесине кирип, Кыргызстан дээрлик дайыма биринчи орунду алып келгенин көрдүм", — деген ал.

Ырасында, анын "дайыма" деген сөзүн көпчүлүк учурда деп оңдошкон.

0
Белгилер:
мелдеш, орун, спорт, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды