Якутск: окуучулар батутта секирип ойноп, омурткасын сындырып алышты

© AFP / WAKIL KOHSARПрыжки на батуте
Прыжки на батуте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндө эле үч бала улуттук ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Якутскиде окуучулар батутта секирип ойноп жатып, омурткасын сындырып алышты. Бул туурасында РИА Новости Тергөө комитетинин аймактык бөлүмүнө таянып кабарлады.

"Эки күндө эле, 8-9-апрелде 9, 10 жана 14 жаштагы балдар республикалык ооруканага түшүп, дарыгерлер алардын омурткасы сынгандыгын аныктаган", — деп айтылат маалыматта.

Окуучулар аймактагы батут борборунда секирип, ойноп жатканда кырсыкка кириптер болгондугун дарыгерлерге айтып беришкен. Тергөө кызматы "балдардын жана пайдалануучулардын коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөткөнү үчүн" деген берене менен кылмыш иши козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0