Алепподо автобус жардырылып, 70 кишинин набыт болгону айтылууда

© AFP / Omar haj kadourВзрыв в западном районе Алеппо рядом с автобусами
Взрыв в западном районе Алеппо рядом с автобусами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардырууну автобустардын биринде бараткан жан кечтинин ишке ашырганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сириянын Алеппо шаарында Фуа жана Кефрая райондорунан эвакуацияланган адамдарды ташып бараткан автобус жардырылганын РИА Новости өлкөнүн мамлекеттик ЖМКларына таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, жардыруудан кеминде 70 киши каза болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган. Аны автобустагы жан кечтинин ишке ашырганы белгилүү болду.

Буга чейин Сирия өкмөтү согушкерлер менен аталган эки райондун жашоочуларын аймактан чыгарып кетүү боюнча макулдашкан. Жардырууга чейин беш миңге чукул адам эвакуацияланган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0