Криштиану Роналду кыз зордуктады деп айыпталууда

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOUПортугальский нападающий Реала Криштиану Роналду
Португальский нападающий Реала Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немис басылмасынын билдиришинче, футбол жылдызы Криштиану Роналду сегиз жыл мурун болгон зордуктоого тиешеси бар. Ал эми футболчу мунун баары жалган жалаа экенин айтууда.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Реал Мадрид" футбол клубу менен Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду кыз зордуктоого шектелип жатканын Der Spiegel немис журналы жазып чыкты.

Футболчу Криштиану Роналдунун Мадейра аэропортуна коюлган бюсту - Sputnik Кыргызстан
Артык кылам деп...Роналдунун бюсту элдин боорун эзди
Маалыматка ылайык, окуя 2009-жылдын 13-июнунда Роналду эс алып жүргөн Лас-Вегастагы отелдердин биринде болгон имиш. Аты аталбаган 20 жаштагы кыз окуядан кийин футболчунун үстүнөн арызданууну чечкен. Басылма соттук териштирүү менен коомдук резонанстан оолак болуу үчүн Роналду жабырлануучуга 375 миң доллар төлөгөнүн жазат. Келишимге ылайык, зордукталган кыз арызын артка кайтарып, окуяны сыр боюнча сактап калууга сөз берген.

Кийинчерээк "Алтын топтун" төрт жолку ээси немис басылмасынын маалыматын четке кагып, "ойдон чыгарылган окуя" экенин айткан. Роналдунун билдирүүсү анын агенти Жорже Мендешанын расмий сайтына жарыяланды.

"Макалада журналисттик фантазиядан башка эч нерсе жок. Айтылып жаткан кыздын ким экени белгисиз. Басылма эч кандай кол коюлбаган документтерге негизделген. Маалымат жалган, демек Роналду бул журналга колунда бар мүмкүнчүлүктөр менен каршы турууга аракет кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Der Spiegel жабырлануучу кыз менен байланышууга аракет кылганын, бирок андан эч майнап чыкпаганын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0