Россия АКШнын Түндүк Кореяга карата туура чечим кабыл аларынан үмүттөнөт

© REUTERS / Sue-Lin WongТүндүк кореяда Ким Ир Сендин 105-жылдыгын майрамдоо. Архив
Түндүк кореяда Ким Ир Сендин 105-жылдыгын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сергей Лавров АКШ Дональд Трамп шайлоо алдындагы берген убадаларынын алкагында иш алып барат деп ишенерин кошумчалады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын Тышты иштер министри Сергей Лавров АКШ жакында эле Сириядагы бомбалоо сыяктуу Корей Эл Демократиялык Республикасына карата бир тараптуу аракеттерге барбай турганынан үмүт кыларын РИА Новости жазды. 

"Биз Пхеньяндын БУУнун коопсуздук кеңешинин көптөгөн резолюцияларын бузган өзөктүк жана ракеталык ээн баш кыймыл-аракетин колдобойбуз. Бирок бул эл аралык укукту бузуп, ага дал өзүндөй жооп бериш керек дегенди түшүндүрбөйт. Ошондуктан мен жакында эле көргөн Сириядагыдай көрүнүш болбойт деп үмүттөнөм", — деди Лавров.

Ошондой эле ал АКШ Дональд Трамп шайлоо алдындагы берген убадаларынын алкагында иш алып барарына ишене турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0