Стамбулда референдумдун жыйынтыгына нааразы болгондор көчөгө чыкты

© REUTERS / KEMAL ASLANТүркияда миңдеген жаран Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен нааразычылык акцияларын өткөрүп жатат
Түркияда миңдеген жаран Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен нааразычылык акцияларын өткөрүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-апрелде Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, шайлоочулардын жарымынан көбү ага "макул" деген добуш берген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Түркияда миңдеген жаран Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен нааразычылык акцияларын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы билдирди. 

Референдум по изменению конституции Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы референдум. Президенттик башкарууну каалагандар жеңишке жетти
Маалыматка караганда нааразычылыктар өлкөнүн Стамбул шаарынын Кадыкөй жана Бешикташ райондорунда өтүүдө. Түркиялык оппозициянын өкүлдөрү добуштарды эсептөөдө одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып, референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, 16-апрелде Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анда шайлоочулардын 51,4 пайызы Конституцияны өзгөртүүгө "макул" деген добуш берген. Конституцияны өзгөртүү боюнча долбоор мурда Түркиянын парламентинде жактырылып, ага президент Режеп Тайип Эрдоган кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0