Унаа алдында калган итти "досу" тирилтүүгө аракеттенип, зээнди кейитти

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с видеохостинга Youtube пользователя Dota AllStar. Дворняга пытается "оживить" пса
Снимок с видеохостинга Youtube пользователя Dota AllStar. Дворняга пытается оживить пса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Цюйчжоу шаарында болгон.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайда дөңгөлөк астында калган итти "тирилтүүгө" аракет жасаган дагы бир иттин видеосу чыккандыгын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Жүрөктү эзген окуя Кытайдын Чжэцзян провинциясындагы Цюйчжоу шаарында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, хаскини унаа койдуруп кеткенден кийин анын жанындагы ит аны "ойготууга" аракет жасап, мурду жана алдыңкы буттары менен түрткүлөй баштаган.

Жарым сааттан кийин кара көйнөкчөн аял келип, иттердин ээси экенин билдирген. Ал өлүп калган иттин денесин тротуарга алып барып, милиция чакырган. Ушул убакыт аралыгында ит хаскинин жанынан бир карыш алыс кеткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0