Окумуштуулар кызыл кызылчанын согу мээни жашартарын аныктады

© flickr.com / Alice HennemanКызыл кызылча. Архив
Кызыл кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр 55 жаштан өйдө курактагы 26 ыктыярчыны чогултуп, теорияны текшерип көрүшкөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Фитнес же спорт менен алектенээр алдында кызылчанын согун ичүү мээни жашартып, иштөөсүн жакшыртат. Бул тууралуу РИА Новости Gerontology журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, кызылча согунун курамында пайдалуу витаминдерден сырткары, кан тамырларга оң таасир этүүчү нитрат менен азот бирикмелери бар. Мындай сокту маал-маалы менен ичип турган адам бийик тоолорго чыкканда кыйналбайт.

"Физикалык көнүгүүлөр мээге пайдалуу экени бардыгыбызга эле маалым. Бирок спортту кызыл кызылча согу менен айкалыштыруу абдан пайдалуу экендиги аныкталды. Сок карыган адамдардын мээсин жаштардыкына окшоштуруп коет", — деп окумуштуу Жек Реджески билдирди.

Изилдөөчүлөр 55 жаштан өйдө курактагы 26 ыктыярчыны чогултуп, теорияны текшерип көрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0