People журналы дүйнөнүн эң чырайлуу айымын тандады

© AFP / LOIC VENANCEШиш такачан аял. Архив
Шиш такачан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журнал жыл сайын "эң сулуу адамдар", "мыкты жана начар кийингендер", "сексуалдуу эркек" деген сыяктуу бир катар наамдарды жылдыздарга ыйгарып келет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Американын жумалык People журналы дүйнөнүн эң сулуу айымы деп Жулия Робертсти атады.

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүГолливудская актриса Джулия Робертс
Голливудская актриса Джулия Робертс - Sputnik Кыргызстан
Голливудская актриса Джулия Робертс

48 жаштагы голливуд жылдызы жыл сайын аныкталчу "дүйнөнүн сулуусу" наамын биринчи жолу алып жаткан жок. Буга чейин ал төрт жолу эң чырайлуу айым катары таанылган. Актриса эң биринчи жолу 1991-жылы, 23 жашында ардактуу титулга ээ болгон.

Кыргызстан сулуусу — 2017 сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын!
​Ал эми америкалык журнал өткөн жылы эң сулуу айым деп актриса Женнифер Энистонду тааныса, 2016-жылы наам Сандра Буллокко ыйгарылган.

People — 1974-жылдан бери басылып келе жаткан жумалык журнал. Анда белгилүү жылдыздар тууралуу маалыматтар чагылдырылат. 2006-жылы нускасы 3,75 миллионго жеткен. Журнал жыл сайын "эң сулуу адамдар", "мыкты жана начар кийингендер", "сексуалдуу эркек" деген бир катар наамдарды жылдыздарга ыйгарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0