Кытайда учакка кирип келе жаткан жубайлар мушташа кетти

Жазылуу
Окуядан улам каттам жарым саатка кармалган.

Кытайда учакка кирер алдында жулмалашып мушташкан жубайлардын айынан каттам жарым саатка кармалды. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды. 

Аэропорттун администрациясынан билдиришкендей, аталган жуп кезекте турганда эле уруша баштаган. Ал эми учуп-конуу тилкесине келип, учакка түшөр маалда жулмалашып кеткен. Аялын жерге көтөрүп чапкан киши аны бир нече жолу муштап алууга үлгүргөн.

Жубайларды полиция кармап, учакка киргизген эмес. Териштирүү маалында алардын учурда ажырашуу алдында турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0