Албанияда президенттикке талапкер жок өлкө башчысы тандалбай калды

© AP Photo / Visar Kryeziu Флаг Албании в Косово
Флаг Албании в Косово - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо 18-июнга белгиленген. Бирок ага чейин талапкерлер депутаттардын колдоосуна ээ болушу керек.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Албанияда президенттик шайлоонун биринчи раунду талапкердин жоктугунан үзгүлтүккө учураганын америкалык Fox News телеканалы билдирди.

Буга башында өкмөт башчы Эди Рама турган башкаруучу партиянын талапкер сунуштоодон баш тартышы себеп болду.

"Биз жаңы президентти тандоо боюнча оппозиция менен диалогго келели деген максат менен талапкер чыгарган жокпуз. Албаниядагы бардык саясий күчтөр менен консенсуска келгибиз келет" — деди парламент төрагасы Илир Мета.

Громкоговоритель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
БШК менчик телеканалдарга шайлоо алдында үгүт иштерин чагылдырууга тыюу салбайт
Аталган өлкөнүн мыйзамына ылайык, жеңишке жетиш үчүн талапкер 140 депутаттын 84үнүн добушун алышы керек. Эгер беш раунддан кийин жаңы президент болчу адам тандалбаса, парламент автоматтык түрдө таркатылат.

Ал эми эл президентти 18-июнда шайлайт.

Маалыматка караганда, Албаниянын оппозициясы таза шайлоо өткөрүү үчүн убактылуу өкмөттү таркатууну талап кылып, парламентке бойкот жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0