ФСБ кызматкери. Архивдик сүрөт

Хабаровскиде ФСБнын кабылдамасына кол салуу болуп, эки адам мүрт кетти

(жаңыланган 16:04 21.04.2017)
Окуя бүгүн саат 17.02де (Хабаровск убактысы боюнча) катталган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын Хабаровск аймагындагы ФСБнын кабылдамасына кол салуу болуп, эки адам мүрт кеткенин РИА Новости жазып чыкты.

​Окуя бүгүн саат 17.02де (Хабаровск убактысы боюнча) катталган.

"Россиянын Хабаровск аймагындагы коопсуздук кызматынын (ФСБ) имаратына бейтааныш адам кирип келип, ок чыгарган. Натыйжада ФСБнын бир кызматкери менен мекемеге келген эки жарандын бири көз жумуп, экинчиси жаракат алган. Экөө тең КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болуп чыккан. Кол салган адам ошол жерден өлтүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя болгон жерде тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилер:
кол салуу, ФСБ, Хабаровск
Тема боюнча
Петербургда теракт жасады деп шектелген кишини кармоо учуру

Ийинин таптап... Андраде Шевченко менен кантип тиктешти. Видео

(жаңыланган 10:26 23.04.2021)
Мушкер кыздар UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.

UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.

Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.

Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.

Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.

Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.

Белгилер:
наам, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, мелдеш, UFC
Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши
Тема боюнча
Шевченконун көптөн күттүргөн беттешин кайсы жактан көрсө болот. Тизме
Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн
Электр линиясы. Архив

Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды

(жаңыланган 09:52 23.04.2021)
Министрдин айтымында, Өзбекстандан электр энергиясы азыр эле импорттоло баштады. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.

"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.

Буга чейин министр Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын алмашуу макулдашылганын айткан.

Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.

Белгилер:
импорт, электр энергиясы, суу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы
Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат