АКШлык боксчу кыз рингге хиджабчан чыгууга уруксат алды

CC BY 2.0 / M&R Glasgow / Boxing glovesСоревнования по боксу
Соревнования по боксу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рингге хиджабчан чыга турган тарбиялануучусу үчүн машыктыруучусунун кубанычы койнуна батпай турган кез.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШнын Миннесота штатында жашаган он алты жаштагы мусулман кыз Амалия Зафар боксташуу үчүн рингге хиджабчан чыгуу укугуна ээ болду. Бул тууралуу РИА Новости Star Tribune басылмасына шилтеме берип жазды.

​Маалыматка караганда, боксчу кыздын диний ишенимин эске алып, рингге колу-бутуп жаап, башына жоолук салынып чыгууга мүмкүнчүлүк беришти.

"Бул маанилүү кадам.  Анткени ал бокска өтө көп күчүн, убактысын жумшаган. Эми рингге чыгып, өз чеберчилигин көрсөтүүгө уруксат алды", — деди спортчунун машыктыруучусу Натаниэль Хайле.

Хайле өз окуучусу үчүн абдан кубанып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0